Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми баласына алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Кыргызстанда алимент төлөөдөн качкандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралды.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкү жоопкерчиликтен качкан ата-энелерге кылмыш жоопкерчилиги каралат:

  • жашы жете элек балдарды багуудан баш тарткан;
  • бойго жеткен, бирок ишке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багуудан баш тарткан;
  • өз маянасын жашырган же азайткан;
  • ишке орношуудан баш тарткан.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх