Энергетика министри Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатын модерницазиялоо иштери менен таанышты
Гидроагрегаттын реконструкция жумуштарын күз-кыш мезгилине өз убагында бүтүрүүбүз абзел
Ведомстводон белгилешкендей, аталган гидроагрегатты реконструкциялоо иштери мындан 4 ай мурда башталган.
Министрге учурдагы реконструкция жумуштарынын аткарылышы тууралуу реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар маалымат берди. Анын айтымына караганда, 1-гидроагрегатты реконструкциялоо жумуштарынын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган:
негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери толугу менен аяктады;
турбинанын жана спиралдык камеранын салынган тетиктерин даярдоо иштери аяктады;
роторду чогултуу аяктады;
агрегаттарды муздатуу тутуму үчүн түтүктөрдү , кабелдик лотокторду, ток өткөргүчтөрдү монтаждоо жүргүзүлүүдө.
Келерки жумада чогулган статорго сыноо жүргүзүү менен текшерүү жумуштары болот , андан кийин жаны ротор ордуна салынат.
Министр ГЭСтин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип, компаниянын башкы директору С. Садыракуновко оңдоп-түзөө жумуштарын өз убагында бүткөрүүнү, модернизация долбоорун, суу режимин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
"Гидроагрегаттын реконструкция жумуштарын күз-кыш мезгилине өз убагында бүтүрүүбүз абзел, анткени агрегаттарды киргизүү кеч калса баарыбызга канчалык кыйын болоорун билебиз, ошон үчүн командабыз менен талыкпай эмгектенип жатабыз , буйруса берилген жумуштар графикке ылайык бүткөрүлөт", - деди Токтогул ГЭСинин реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар.