Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев БАФА жетекчиси менен жолукту

Кечээ Жалал-Абадда жаштар арасында өткөн турнирде Кыргызстан менен Тажикстан беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктаган

Кечээ, 9-июлда Борбор Азиянын футбол ассоциациянын 20 жашка чейинки жаштар курама командалары чемпиондугу алкагында өткөн Кыргызстан жана Тажикстан курамалардын беттеши болду. Анда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев БАФА башкы катчысы Улугбек Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Ага ылайык, КФБ жетекчиси БАФА башкы катчысына бул турнирди өткөрүүгө ассоциациянын мүмкүнчүлүк түзгөнүнө ыраазычылык билдирип, ал өз кезегинде турнир мыкты уюштуруучулук деңгээлде орун алып жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун аягында футбол ассоциацияларынын жетекчилери уюмдардын вымпелдери менен алмашышты.
Белгилей кетсек, кечээ Жалал-Абадда жаштар арасында өткөн турнирде Кыргызстан менен Тажикстан беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктаган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх