Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги жарым жылда жумушчуларга 68 млн сомго жакын төлөнбөгөн маяна жана компенсация алууга жардам берди

Төлөгөн компенсациянын жалпы суммасы 36 миллион сомго жакынды түздү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жарандардын арыздары боюнча  517 текшерүү ишин жүргүзүп, 2,2 млн сом айып пул салынды. Бүгүнкү күндө бул сумманын 55% иш берүүчүлөр тарабынан төлөнгөн.

Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылуулары боюнча чоң иштер жасалды. Негизинен, төлөнбөгөн эмгек акыга жана өндүрүштө алган жаракаттарына байланыштуу кайрылган.

Жыйынтыгында мыйзамдарды контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы кызматкерлерге дээрлик. Иш берүүчүлөр өндүрүштөн жаракат алган кызматкерлерге төлөгөн компенсациянын жалпы суммасы 36 миллион сомго жакынды түздү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар бир кызматкер эмгек укуктары бузулду же өндүрүштө коопсуздук техникасы сакталбайт деп эсептесе, Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына кайрылууга укуктуу экенин эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх