Ички иштер министрлиги 9,6 млн сомго унаа сатып алат
Сынактык билдирүү берүүнүн мөөнөтү 23-июлга чейин
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жеңил унаа сатып алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, 7 унаа сатып алуу үчүн пландалып жаткан сумма 9 млн 625 миң сомду түзөт.
Сынактык билдирүү берүүнүн мөөнөтү 23-июлга чейин.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз