Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин көчөлөрүнөн жана унаа токтоочу жайлардан кароосуз калган унаалар эвакуациялана баштады - видео

Эвакуатор жана унаа токтотуучу жайларга кеткен чыгымдарды унаа ээлери көтөрөт

Борбор калаанын Биринчи Май районунда жолдордо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда жана техникалык тейлөө станцияларынын жанында кароосуз калган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анын айтымында, 1 айдан 5 жылга чейин муниципалдык унаа токтотуучу жайларда турган 9 унаа эвакуацияланган.

Мэрия эвакуатор жана унаа токтотуучу жайларга кеткен бардык чыгымдарды кароосуз калган унаалардын ээлери көтөрөрүн белгиледи.

«№15 МТУнун кызматкерлери буга чейин техникалык тейлөө станцияларынын ээлери жана кароосуз калган унаалардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле туура эмес жерге калтырылган унааларга эскертүүлөрдү илишкен», - деп кошумчалады муниципалитет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх