Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шопоковдо мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Бала бакчанын баасы 35 миллион сомдун тегерегинде бааланат

Сокулук районунун Шопоков шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1998-жылы Шопоково шаарындагы бала бакча («Ата ЛТД» ЖЧКсына таандык) жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.

«Учурда жалпы аянты 0,70 га, пайдалуу аянты 372,1 чарчы метрди түзгөн, баасы 35 миллион сомго жакын бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды», - деп айтылат комитеттин маалыматында. билдирди.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх