Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы сууну колдонуу нормаларын бекитти

Буга чейин суткалык керектөө 35 литрден 170 литрге чейин өзгөрүп келген

Бишкек мэриясы сууну керектөө нормасын бекитти. Тиешелүү токтом кабыл алынганын муниципалитет билдирди.
Бул ченем үйүндө суу эсептегичи жок тургундарга тиешелүү.

Кабыл алынган нормасы (суткасына бир адамга):

  • көчөдөгү колонкадан керектөө — 50 литр;
  • суусу бар борбордук канализациясы жок үйлөргө — 350 литр;
  • борбордук канализациясы, ысык суусу бар турак жай — 350 литр;
  • суу, канализация жана ысык суу менен камсыздалган көп кабаттуу үйлөр — 310 литр.

Буга чейин суткалык керектөө 35 литрден 170 литрге чейин өзгөрүп келген. Норма 1997-жылдан бери иштейт.
Муниципалитет буга чейин жер тамдардын ээлери атайылап эсептегичтерди орнотпой, ичүүчү сууну өтө ысырапкорчулук менен пайдаланып жатышканын билдирген. Мэрия керектөө көбөйгөн сайын эл суу эсептегичтерди орноторуна үмүт арткан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх