Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен районунун эки айылында калыбына келтирүү иштери аяктады

Жергиликтүү эл калыбына келтирүү иштеринин ыкчам бүткөрүлдүгү үчүн куткаруучуларга өз ыраазычылыгын айтышты

Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарындагы селден кийинки калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ӨКМден тартылган 131 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда турак үйлөргө, жертөлө жана сарайга кирген сел калдыктары тазаланды.

Жергиликтүү эл калыбына келтирүү иштеринин ыкчам бүткөрүлдүгү үчүн куткаруучуларга өз ыраазычылыгын айтышты.

Ал эми аталган аймактарда инженердик техникалардын жардамы менен сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, 10-июлда жааган нөшөрлүү жаандан Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел келип, түнү бою кооптуу тилкеде жашаган жарандар эвакуацияланган болчу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх