Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги кайтып келип жаткан мигранттарды колдоо маселесин талкуулады

Учурда “Мекеним 1+1 программасы боюнча иштер жүрүп жатат

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги кайтып келген мигранттарды колдоо маселесин талкуулады.Аталган департамент жана Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор эмгек мигранттарын реинтеграциялоо боюнча тегерек стол уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азия жана Европа өлкөлөрүн реинтеграциялоо боюнча саясаттын жана долбоорлордун ар кандай мисалдары жана алардын Кыргыз Республикасындагы укук колдонуу практикасынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Эмгек министрлиги учурда мекенине кайтып келген мигранттарга акчасын үйүндө бизнес-долбоорлоруна инвестициялоого жардам берүү максатында иштелип чыккан «Мекеним 1+1» программасы боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, бизнестин, мигранттардын эл аралык профсоюз уюмдарынын, диаспоралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

 

Сүрөт Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх