Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сүрөт: Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо иштери кандай жүрүп жатат

Аянтка заманбап фонтан комплекстери жана 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотулат

Акылбек Жапаров борбордук «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты, деп билдирди министрлер кабинети.

Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулуп, 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Өкмөт башчы ошондой эле Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын 23-августуна бүтүрүү пландалууда.

Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, аймакты жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх