Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жумада 22 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат

Кыргызстандын аймагында 8-июлдан 14-июлга чейин, алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 46 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 282;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 216;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 63;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 852;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 418;
  • авто ээнбаштык — 9;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5 388;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 611;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 608 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх