Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ТИМдин имаратынын айланасындагы тосмолор алынды

Жалпысынан 230 метр тосмолор алынды

Бишкекте КР Тышкы иштер министрлигинин имаратынын айланасындагы тосмолор демонтаждалганын борбор калаанын мэриясы билдирди.

Анын айтымында, 230 метр тосмолор демонтаждалган.

 

Иш «Бишкекглавархитектуранын» кайрылуусунун негизинде, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат», - деп белгилешти мэриядан.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх