Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто сел кесепетин жоюуга 370 куткаруучу тартылды

Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50 жана 21 милиция кызматкери тартылды

Ош облусунда сел кесепетин жоюуга 370 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 18-июль күнү сел кесепеттерин жоюуга 40 техника, 370 куткаруучу, 15 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 22 инженердик техника жана 19 мотопомпа тартылды.

Ал эми жарандарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатканы айтылат.
"Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50 жана 21 милиция кызматкери тартылды.

Кечээ, 17-июль күнү селден жабыркаган Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланып бүттү", - деп жазылат анда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх