Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет
Кыргызгидрометеорологиялык кызматы билдиргендей, 18-июлга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарында айрым жерлеринде өткүн өтөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүндө 11...16, күндүз 22...27,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15°.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33°.