Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева кыз-келиндерге жана айымдарга аяр мамиле кылууга үндөдү.

Коомдо чоң резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин Акыйкатчы тынчсыздануу менен кайрылуу жасады

Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө. Ошонун негизинде, КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева кыз-келиндерге жана айымдарга аяр мамиле кылууга үндөдү.
Коомдо чоң резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин Акыйкатчы тынчсыздануу менен кайрылуу жасады. 

“Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө. Алар кордолуп, укуктары бузулуп, аянычтуу тагдырга туш келип жатышат. Ошону менен катары эле, элибизде орчундуу көйгөй жараткан келин менен кайын журттун ортосундагы ажырымды бириктиришибиз керек. Кээ-бир үй-бүлөлөр ичинде кайын журттун кийлигишүүсүнөн жаш жубайлар ортосунда чыр-чатак чыгып, айрым учурларда келиндер өз жанын кыйууга барышууда. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү зарыл ”,- деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы ар бир үй-бүлөгө жаңы келген келинди өз кызындай кабыл алып, аяр мамиле кылууну өтүндү.
Акыйкатчы Институту зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга карата изилдөө жүргүзүп, мындай тагдырлар күн санап өсүп жатканына тынчсызданууда. Изилдөөнүн жыйынтыгында, бул багытта иш алып барган мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдоду.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Айтурган Маматкулованын өлүмүн боюнча ишти өз көзөмөлүнө алган.
Бүгүнкү күндө, Акыйкатчы Институту Айтурган Маматкулованын жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүү чараларын көрүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх