Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй районунда жана Токмок шаарында 104 үй-бүлө социалдык контракт түзүштү

Бүгүн Токмок шаары боюнча 31 үй-бүлө 100 миң сомдук сертификаттарды алышты

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков быйылкы социалдык контракттын катышуучуларына сертификаттарды тапшырууда билдирди. 

"Ушул жылы "Социалдык контракт" программасы 23 миң үй-бүлөнү камтыйт. Алардын ичинен 20 миң республикалык бюджеттен, 3 миң Дүйнөлүк банктын каражаттарынан каржыланат.

Эки жылдын ичинде “Социалдык контракт” программасы боюнча Чүй районунда жана Токмок шаарында 103 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлө негизинен, айыл чарбасында жана өндүрүш чөйрөсүндө жеке бизнесин ачышкан. Ушул жылы Чүй районунда жана Токмок шаарында 104 үй - бүлө социалдык контракт түзүшкөн. Бүгүн Токмок шаары боюнча 31 үй-бүлө 100 миң сомдук сертификаттарды алышты”,-деди ал.

Сертификаттарды тапшыруу аземинде Токмок шаарынын вице-мэри Нурбек Сагынбек уулу, Чүй-Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова сөз сүйлөп, социалдык конракттын алуучуларына ийгиликтерди каалашты.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх