Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт
Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын төмөнкү тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт:
- Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,
- Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен райондорунда;
- Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
- Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда;
- Нарын облусунун Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунда;
- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда;
- Ош шаарынын аймактарында.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз