Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги: Эки жылда 2,3 миңден ашуун адам "Cанариптик көчмөн" макамын алышты

"Санариптик көчмөн" макамын алгандар иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жүргөн жери боюнча каттоодон бошотулат, ПИН автоматтык түрдө алат

"Санариптик көчмөн" макамын ыйгаруу долбоору 2022-жылдын сентябрь айынан тарта башталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Көчмөн статусун Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Молдова, АКШ, Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Германия, Япония, Корея, Индиянын программалык камсыздоону иштеп чыгуу, медиа жана санариптик искусство, графикалык дизайн жана мультимедиа дизайны, IT продуктуларын иштеп чыгуу, жасалма интеллект жана робототехника, компьютердик жана мобилдик оюндарды түзүү, киберспорт тармагында иштеген өлкөнүн- жарандары ала алышат.

"Санариптик көчмөн" макамын алгандар иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жүргөн жери боюнча каттоодон бошотулат, ПИН автоматтык түрдө алат, ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Юстиция министрлигинен жана МСКдан кызмат ала алышат.

Бардыгы болуп 2022 – жылдын сентябрынан тартып 2353 адам "санариптик көчмөн" макамын алышкан, алардын 239у-үстүбүздөгү жыл башынан бери.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх