Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дин кызматкерлери диний лагерлерди талкуулады

Диний лагерь уюштуруу атайын мыйзамдарда көрсөтүлгөн жагдайларда гана ачылууга тийиш

Бишкек шаарындагы «Кимсанбай ажы Абдурахманов» атындагы борбордук мечитте өткөн жыйында бир катар маселелер каралып, дин кызматкерлерине олуттуу тапшырмалар берилди. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өлкөдөгү диний туруктуулукту сактоодо салттуу исламдын ролуна токтолуп, калайыкка матуридилик акыйдасын жана ханафилик мазхабын жеткиликтүү жайылтуунун зарылдыгына токтолду.

Жыйында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча айтылып, жайкы диний лагерлерди эсептик каттодон өткөн гана уюмдар уюштурушу керектиги билдирилди.

“Азыр жай айлары болгондуктан, 2-3 киши баш бириктире калып эле лагерь уюштуруп жатат. Албетте, лагерь уюштурууга бардык жарандардын укугу бар деңизчи. Бирок диний лагерь уюштуруу атайын мыйзамдарда көрсөтүлгөн жагдайларда гана ачылууга тийиш. Ар кандай кооз аталыштарды коюп алып, тоодо же көлдө лагерь уюштуруп жатышат. Коомдо айрым адамдар тарабынан “лагерь – бул чайкоочулук” деген сындар да айтылууда. Бизди, КМДБны финансылык жагы эмес, балдардын коопсуздугу, акыйда-мазхабы кызыктырат. Негизи диний иш-аракеттерди ишенимдүү, салттуу, туура диний билимге ээ болгон расмий тараптар жүргүзүшү керек”, – деп билдиришти КМДБнын окуу бөлүмүнөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх