Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда Евразия өнүктүрүү банкынын эсебинен 9 мектеп курулат

Жапаров ЕТӨФ менен биргеликте артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканын белгиледи

Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык негизде мектептерди куруу боюнча келишимге кол коюу аземи өттү. 

Документке билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Андрей Широков кол коюшту.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковдун сүйлөшүүлөрүнүн алкагында өттү.

"Келишим грант берүүнүн жол-жобосун карайт. Анын алкагында ЕӨБ тогуз жалпы билим берүү уюмун курууну, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камсыздайт", — деп айтылат маалыматта.

Жапаров ЕТӨФ менен биргеликте артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканын белгиледи. Маселен, Ош облусунун 32 калктуу конушун таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы суммасы 60 миллион долларлык долбоор ишке ашырылат. Мындан тышкары, республиканын ирригациялык системасын жакшыртуу жана медициналык тез жардам унааларын сатып алуу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

"Арал-Суусамыр автожолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагында Кыргызстандын эң маанилүү Бишкек – Ош жана түндүк – түштүк эл аралык транспорт коридорлорун бириктирген 80 чакырымга жакын жолду реконструкциялоо пландалууда. Долбоор Нарын жана Талас облустарынын, ошондой эле Чүй облусунун алыскы райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетип, убакытты үнөмдөп, өлкөнүн жол коопсуздугун олуттуу жогорулатат", — деди Жапаров.

Ал эми Широков биргелешкен долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх