Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы эки автобус каттамынын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Кыймыл чиймеси тургундардын кайрылуусуна ылайык өзгөртүлдү

Бүгүндөн тарта Бишкете №23 жана №56 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу кечээ, 23-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кыймыл чиймеси тургундардын кайрылуусуна ылайык Пишпек районун камтыган №4 автобустук каттам иштеп баштаганына байланыштуу, №23 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Ага ылайык, каттам Жайыл Баатыр көчөсүнөн Селекция, Муромский, Гагарин жана Репин көчөлөрү менен Л.Толстой көчөсүнө чейин барат. Ал эми №56 автобус каттамы Манас проспектисинен Чүй проспектиси, Фучик көчөсү, Коммунаров көчөсү, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу өтөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх