Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктардын кезектеги тобу Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүлдү

Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан 23 жаран Корея Республикасына жумушка орношуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр системасы (EPS) боюнча кетээр алдында окуудан өтүп, жөнөтүлдү.

Борбордон билдиришкендей, программа төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Корея Республикасынын маданиятын жана тарыхын изилдөө аркылуу маданияттар аралык түшүнүүнү, кызматташууну илгерилетүү;
  • социалдык нормалар;
  • корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
  • корей коомуна жакшы интеграцияланууга жана кабыл алуучу тараптын кесиптештери жана жетекчилиги менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө жардам берген салттар.

Аталган программанын алкагында 17 жылдан бери жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларында ийгиликтүү ишке орноштуруп келет.

Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту.
Программанын негизги талабы-корей тилин билүү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх