Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕККУ Чүйдөгү ракеталык уулуу отунду жок кылууга жардам берүүдө

Мындан ары Кыргызстан бул күйүүчү майдын уулуу калдыктарынан таза деп жарыяланды

Бүгүн Чүй облусунун Новопавловка айлынан 55 тонна уулуу ракеталык күйүүчү майдын акыркы бөлүгүн алып чыгуу иш-чарасынын башталышына арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара экологиялык коркунучтарды азайтып, сактоочу жайдын айланасындагы 21 миңден ашуун тургундардын коопсуздугун камсыздайт.

2024-жылдын август айынын аягында бул кооптуу химиялык калдыктар Кыргызстандан Германияга учак менен алып барылып, атайын полигондо жок кылынат.

Самин компонентин Кыргызстандан сыртка алып чыгаруу иштери - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан ЕККУ, Германия жана АКШнын колдоосу менен 2021-жылы 155 тонна Меланж ракеталык күйүүчү май компонентин Кыргызстандан ийгиликтүү алып чыгаруу долбоорунун экинчи этабы болуп эсептелет.

Биргелешкен аракеттердин натыйжасында Советтер Союз доорунан калган 200 тоннадан ашык кооптуу ракеталык күйүүчү майы утилизацияланып, мындан ары Кыргызстан бул күйүүчү майдын уулуу калдыктарынан таза деп жарыяланды.

Самин - бул контейнерлерде сакталган атайын ракеталык күйүүчү майынын өтө уулуу компоненти. Ал убакыттын өтүшү менен начарлап, айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирет. Атайын аскерий сактоочу жай Бишкектин четиндеги Новопавловка айылындагы конуштардан болгону 200 метр алыстыкта ​​жайгашкан. Бул заттын төгүлүшү турак жайларга, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу булактарына, жолдорго коркунуч туудурушу мүмкүн. Бул коркунуч эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен химикалык таштандыларды башкаруу жана жок кылуу процессине кылдат мониторинг жүргүзүүнү талап кылды.

“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен ЕККУнун ортосундагы жемиштүү иш жана кызматташтыктын алкагында бүгүн биз аталган долбоордун экинчи фазасынын аяктоосуна күбө болуудабыз. Самин ракеталык күйүүчү май компоненттерин утилизациялоо өзгөчө экологиялык кырдаалдын коркунучун азайтып, ошондой эле жергиликтүү калктын коопсуздук деңгээлин жогорулатат деп ишенем”. - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары полковник Эмил Осмонов мырза.

АКШнын Элчиси Лесли Вигери мырза белгилегендей, “Кыргызстандагы экологиялык коопсуздукту бекемдеген бул маанилүү долбоор боюнча Кыргыз Республикасы, ЕККУ, Германия жана Швейцария менен кызматташууга АКШ сыймыктанууда. Ракеталык күйүүчү май компоненттерин алып чыгаруу жана утилизациялоо адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргойт, ошондой эле айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирген кырсыктардын алдын алат. Биз мындай долбоорлор аркылуу Кыргызстандын элинин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди мындан ары да колдоого умтулганыбызды ырастайбыз.”

“Мен долбоордун бул фазасын ийгиликтүү аяктоого жакындап калганыбызга кубанычтамын, анткени ал жергиликтүү тургундардын коопсуздугун жана ден соолугун, ошондой эле Кыргызстанда, Борбордук Азияда жана бүтүндөй ЕККУ аймагында айлана-чөйрөнү коргоону кыйла жакшыртат. Бул аракеттер адамдардын коопсуздугун сактоодо, уулуу материалдардан келип чыгуучу коркунучтарды азайтууда жана айлана-чөйрөнү коргоодо маанилүү кадам болуп саналат. Мындан тышкары, бул аракеттер аймактык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоодо долбоордун негизги ролун белгилейт”, - деп билдирди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза.

"ЕККУ, АКШ, Швейцария жана Германиянын биргелешкен долбоору ийгиликтүү аяктап, азыр өтө уулуу ракеталык күйүүчү май Кыргызстандан Германияга акыркы сапарга узатылды. Ал жерде уулуу компонент атайын полигондо өрттөлөт, — деп белгиледи Германиянын Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси, Доктор Габриэла Гэллил айым.

ЕККУнун коркунучтуу жана уулуу химикаттарды калктуу конуштарга жакын жерлерден алып чыгып жок кылуу боюнча чоң тажрыйбасы ушул сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу далилденген. Бул долбоорлор Албания, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Черногория жана Украинада ишке ашырылган. Кыргызстандагы бул долбоор ЕККУнун аймагында экологиялык коопсуздукту чыңдоо боюнча ЕККУнун милдеттенмелерин жана тажрыйбасын бекемдейт.

*Ракеталык күйүүчү майын алып чыгаруу иш-чарасы “Самин ракеталык күйүүчү май компонентин Кыргыз Республикасынан алып чыгуу жана утилизациялоо” бюджеттен тышкаркы долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Аталган долбоор ЕККУ тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин координациясы менен жана Германия, Швейцария, Америка Кошмо Штаттарынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты – ракеталык күйүүчү май кооптуу компоненттерин алып чыгуу жана утилдештирүү аркылуу ЕККУ аймагында жергиликтуу калктын жана экологиянын коопсуздугун бекемдөө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх