Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде "Салбуурун" фестивалы өтөт

Фестивальдын программасы

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Бөкөнбаев айылында 3-августта "Салбуурун" фестивалы өтөт.

"Салбуурун" федерациясынан билдиришкендей, маданий иш-чара саат 10:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат.

Фестиваль төмөндөгүдөй программа менен коштолот:

  • алгыр куштардын көргөзмөсү (бүрк, шумкар);
  • бүркүт жана шумкардын аңчылык өнөрүн көрсөтүү;
  • салттуу жаалардын жана мергенчилик кубоктордун көргөзмөсү;
  • чебер жаачылардын аткаруусу;
  • кыргыз тайганынын көргөзмөсү (шоу);
  • сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;
  • коноктор арасында жаа атуу боюнча мелдеш;
  • байге ээлерин сыйлоо;
  • фольклордук концерт.

Кирүү акысы – 500 сом, ал эми түштөнүү – 700 сом.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх