Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги: "Балдар үчүн ишеним телефонуна" чалгандардын 75,9% улуу адамдар.

Балдар-111 ишеним телефонуна 32 миңден ашык чалуу түшкөн


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыл башынан бери "Балдар-111 ишеним телефонуна 32 миңден ашык чалуу түшкөн.
Ошол эле учурда чалгандардын 24,1% гана жаш балдар, калган абоненттер ата – энелер болууда.
Психолог адистер телефон аркылуу күнү-түнү кызмат көрсөтүшөт (суткасына 24 саат, башкача айтканда бир сменада 2 психолог иштейт).

Алар абоненттерге консультация беришет, журналга каттоо жүргүзүшөт, анкета толтурушат, кайрылуунун мүнөзүнө жараша тиешелүү уюмдарга жана мекемелерге жөнөтүшөт.
Чалгандардын дээрлик ар бир үчүнчүсү жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө, персоналдык ассистенттин кызматы, балдарга мамлекеттик депозитти тариздөө, бала асырап алуу, майыптыгы бар адамдарга жол кире үчүн жеңилдиктер, майыптыкты узартуу ж. б. у. с. жардам сурап кайрылат.
Кайрылгандардын 26,7% ата-энесине жана досторуна нааразы болуп, ажырашуу, урушуу, жалгыздык, стресс, депрессия, апатия, паника чабуулдары ж.б. балдар жана неберелерди тарбиялоо, туугандары жана классташтары менен мамиле түзүү боюнча кеңеш сурашкан.

Ошондой эле үй-бүлөлүк чыр-чатактар болгон учурда чалгандар консультацияга муктаж болушкан.
Абоненттердин 16% гуманитардык жана каржылык жардамга, турак-жай бөлүп берүүгө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт алууга, пенсияны кайра эсептеп чыгуу, психологдорду жана юристтерди издөөгө кызыктар болушкан. Ошондой эле балдарды табууга, кызы менен байланышууга, коомдук транспортто кысымга алынган учурларда жардамга муктаж болушкан.

6,8% ата-энеси, чоң энеси, камкорчусу, өгөй энеси, классташтары, мугалимдери, кошуналары же бейтааныш адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөндүгүн билдиришкен. Ал эми 5,8% мектеп директоруна, мугалимге, интернаттын, бала бакчанын тарбиячысына арыз менен кайрылышкан.
Калган абоненттер үй-бүлөлүк зомбулук жана туугандарынын кайдыгерлиги жөнүндө кайрылуулар болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх