Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган 4 жаранга айып салды
Кыргыз жарандарынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды
Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган 4 жаранга айып салды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан И.У.Р., Б.Д.Т., К.Д.К. жана К.Э.Т. аттуу кыргыз жарандарынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз