ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мектептерине олуттуу колдоо көрсөтүлөт
Москвада өткөн “Евразиялык өзгөрүүлөр” форумунда постсоветтик өлкөлөрдө билим берүү жаатында эки ири долбоор ишке ашары жарыяланган
Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мектептерге системалуу колдоо көрсөтөрүн жарыялады.
Москвада өткөн “Евразиялык өзгөрүүлөр” форумунда постсоветтик өлкөлөрдө билим берүү жаатында эки ири долбоор ишке ашары жарыяланган. Алар Евразиялык лицей жана Евразиялык педагогикалык кеңеш.
Негизинен инновациялык билим берүү программалары киргизилип, класстар заманбап жабдуулар менен жабдылмакчы. Мугалимдер Россиянын мыкты билим берүү жайларында стажировкадан өтөт, алар үчүн стипендиялык программа иштелип чыгары кошумчаланды. Ар бир өлкөнүн маданияты, тарыхый жана диний өзгөчөлүктөрү эске алынары айтылды.
“Батыш 30 жыл ичинде постсоветтик өлкөлөрдөгү билим берүү системасын талкалап салды. Бул биздин атаандаштыкка чыга албай калышыбыз үчүн жасалды. Максатыбыз — мурун болгон жакшы ишти кайра жандандыруу. “Евразиялык лицей” долбоорунун негизги максаты ушул. Биз мектептердин инфраструктурасын жаңыртып, жарыктандырып, мугалимдердин квалификациясын көтөрүп, аларга стипендия төлөп беребиз. Бул ишти “Евразия” алдыңкы россиялык мамлекеттик программалардын жана улуттук долбоорлордун тажрыйбасына таянып жасайт”, — деди “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмдун кеңешинин мүчөсү, “Победа” саясий блоктун лидери Илан Шор.