Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаровдун орун басарлары аймактарда эл менен жолугат. Убакыт-сааты

Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарына Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдил Байсалов барат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарына Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдил Байсалов барат.

График:

Баткен облусу

  • Лейлек району жана Сүлүктү шаарында 1-августка белгиленген жолугушуу саат 10:00дө Раззаков шаарындагы маданият үйүндө болот;
  • Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августта саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт;
  • Кадамжай району — 2-августта Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө болот;
  • Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 2-августта саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залына келе алат.

Талас облусу

  • Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондору боюнча жолугушуу 1-августта 10:00дө Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтөт;
  • Айтматов жана Манас райондору боюнча жолугушуулар 1-августта 15:00дө Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында өтөт.

Ош облусу

  • Чоң-Алай району — Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө 5-августта саат 10:00дө өтөт;
  • Алай району — 5-августта саат 15:00дө маданият үйүндө;
  • Кара-Кулжа району — 6-августта Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө;
  • Өзгөн району — 6-августта саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында;
  • Ноокат району — 7-август күнү райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында саат 10:00дө башталат;
  • Араван районундагы жолугушуу 7-августка белгиленди, дареги райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залы, саат 15:00;
  • Кара-Суу району — 8-августта саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында;
  • Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драма театрында өтөт.

Нарын облусу

  • Кочкор районундагы жолугушуу 5-августта Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө 10:00дө өтөт;
  • Жумгал району — 5-августта Чаек айылындагы "Соң-Көл" кинотеатрында 15:00дө башталат;
  • Нарын шаары жана Нарын району — 6-августта Нарын шаарындагы облустук драма театрында 10:00дө башталат;
  • Ат-Башы району — 6-августта 15:00дө "Чатыр-Көл" кинотеатрында болот;
  • Ак-Талаа району — 7-августта 10:00дө Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө өтөт;
  • Тогуз-Торо району — 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.

Ысык-Көл облусу

  • Балыкчы шаары боюнча жолугушуу 9-августта саат 10:00дө Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында өтөт;
  • Ысык-Көл району — 9-августта 15:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында;
  • Түп району — 12-августта Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө башталат;
  • Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча — 12-августта 15:00дө Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында өтөт;
  • Жети-Өгүз району — 13-августта Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында 10:00дө болот;
  • Тоң району — 13-августта 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Жалал-Абад облусу

  • Токтогул районундагы жолугушуу — 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат;
  • Кара-Көл шаары — 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот;
  • Таш-Көмүр шаары — 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт;
  • Аксы району — 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат;
  • Чаткал району — 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө өткөрүлөт;
  • Ала-Бука району — 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат;
  • Майлуу-Суу шаары — 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00дө өтөт;
  • Ноокен району — 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
  • Базар-Коргон району — 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө өтөт;
  • Сузак району — 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
  • Жалал-Абад шаары — 17-августта Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрында 10:00дө башталат.
    Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.

Чүй облусу

  • Кемин району боюнча жолугушуу — 19-августта 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө болот;
  • Токмок шаары, Чүй району — 19-августта 15:00дө Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында өтөт.
  • Ысык-Ата району — 20-августта 10:00дө Кант шаардык маданият үйүндө болот;
  • Аламүдүн району — 20-августта 15:00дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
  • Сокулук району — 21-августта 10:00дө Шопоков шаардык маданият үйүндө өтөт;
  • Москва району — 21-августта 15:00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
  • Жайыл району, Кара-Балта шаары — 22-августта 10:00дө Кара-Балта шаардык маданият үйүндө өтөт;
  • Панфилов району — 22-августта 15:00дө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;

Бишкек шаары — 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх