Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияга киргизбей коюу көбөйгөнү жана аэропортто текшерүүнүн узактыгы айтылды

Өз элчи Сергей Вакунов эки тараптуу күн тартибиндеги бардык темалар боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди

29-июлда тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Орусиянын Кыргыз Республикасындагы жаңыдан дайындалган элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын Орусияга кирүү жана анын аймагында жүрүү маселелерин талкуулады.

ИМдин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Орусияга кирүүдөн баш тартуу учурларынын көбөйүп жатканына жана эл аралык аэропортторунда текшерүү процедураларынын узактыгына кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирди.

Ошону менен бирге, ал россиялык тараптын өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чараларын кыргыз тарап түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи.

Өз элчи Сергей Вакунов эки тараптуу күн тартибиндеги бардык темалар боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх