Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Олимпиада-2024: Бүгүн Петрашов 200 метрге сүзүү боюнча мелдешке катышат

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов экинчи ирет күч сынашат. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.

Бул жарышка жалпы 25 спортчу чыгат. Жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириш керек.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

27-июлда Денис Петрашов Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх