Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте №34 автобус “Ак жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин барат

Мындай чара шаардыктардын жана Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларынын негизинде ишке ашты

Бишкек шаарында, бүгүн, 30-июлдан тартып №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү. “Жеңиш” жаңы конушу жана “Бишкек автобекети” боюнча каттаган автобустун “Бишкек автобекетиндеги” акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Мындай чара шаардыктардын жана Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларынын негизинде ишке ашты.

Ага ылайык, муниципалдык автобуста жүрүүдө шаар ичиндеги тариф накталай 20 сомду, накталай эмес 17 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө кошумча 10 сом төлөнөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх