Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылды - Сүрөт
Мындан тышкары, "Нептун" жана "суу перилердин" катышуусунда ачык оюндар, сынактар жана викторина, оюн-зоок программасы уюштурулду
Бишкек шаарында Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды.
Ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналар уюштурулду. Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган.
Мындан тышкары, "Нептун" жана "суу перилердин" катышуусунда ачык оюндар, сынактар жана викторина, оюн-зоок программасы уюштурулду.
Спорттук мелдештер (стол тенниси, футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш) өткөрүлдү.
Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.
https://vesti.kg/kg/koom/item/127513-bishkektegi-komsomol-kolundo-suuga-tushuu-sezonu-achyldy-surot.html#sigProId4ba43f652d