Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садык Шер-Нияз: Куралсыз келген Мунарбек күмүш байге алып, жалгыз келген Мунарбек легендага айланды

Бул чыныгы тарых. Буга токтолуп жатканымдын да себеби бар

Кыргызстандын франциядагы ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз “жалгыз, куралсыз келген Мунарбек тарых жаратты. Париж Олимпиадасынан күмүш байге утуп, легендага айланды”- деди.

«Урматтуу мекендештер, азыр эле бокстун финалынан чыгып толкунданып, сиздерге кайрылуу жасап жатам. Биздин Мунарбек күмүш байгеге ээ болду.

Мунарбек жеке тренери керек болсо, секундантты жок келип, мындайча айтканда жалгыз, куралсыз келген Мунарбегибиз финалга чыгып, кыйын мектептен чыккан өзбектин спортсменин утуп коё жаздады. Бул чыныгы тарых. Буга токтолуп жатканымдын да себеби бар.

Кыздардын күрөшүндө Айсулуу кандай сонун тарых жасап, кыргыздын кыздарынын күрөшү өнүгүп, өсүп алдыга чыгышына чоң салым кошту. Мунарбек дагы бокс боюнча кыргызда болуп көрбөгөн чоң ийгиликке жетишти.

Буюрса Мунарбектин эрдиги дагы далай боксчуларды алдыга сүрөйт. Үлгү болот, дем болот. Куралсыз келген Мунарбек күмүш байге алып, жалгыз келген Мунарбек легендага айланды»-деди.

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх