Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медал утту
31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына төртүнчү жолу катышты
Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду. Ал 11-августка караган түнү 3-орун үчүн болгон беттеште монголиялык Орхон Пуревдоржду жеңди.
Таймаштын биринчи бөлүгүндө алты упай менен монгол балбан кызы алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу алгач эки упай, кийин беттештин бүтөрүнө саналуу көз ирмемдер калганда төрт упайлык ыкманы жасап, эсепти теңеп, упайлардын сапаты боюнча жеңишке жетти (6:6).
Айсулуу ушуну менен Олимп оюндарында экинчи жолу байге алды. Буга чейин Токио Олимпиадасында күмүш байгеге ээ болгон.
Париж Олимпиадасында Тыныбекова төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени (5:1), чейрек финалда америкалык Кайла Колиин Мираклды жеңди (6:6). Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого жеңилди (2:9).
Тыныбекова менен Пуревдорж былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатынын финалында беттешип, ал таймашта да Тыныбекова 9:5 эсебинде уткан.
Орхон Пуревдорж 31 жашта. Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону. Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 7-орунду алган.
Айсулуу Тыныбекова менен Орхон Пуревдорж 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын финалында беттешкени күрөш күйөрмандарына белгилүү. Ал таймашта Тыныбекова Пуревдоржго 0:11 эсебинде жеңилген. Бирок Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негизде алтын медалынан ажырап, чемпиондук наам кийин Айсулууга ыйгарылган.
31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына төртүнчү жолу катышты. Ал үч жыл мурда Токио Олимпиадасында күмүш байге алганга чейин 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.
Бүгүн Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев коло байге үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүлгө жеңилди. Буга чейин эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу жана грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов атаандаштарына жеңилип, 5-орунду ээлешкен.
Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 81 өлкөнүн ичинен 71-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.