Париждеги Олимпиадада Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи
Мелдеш 6:0 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызы жеңишти тарттырып жиберди
Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында балбан Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи.
Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде коло үчүн беттеште Кубанын спортчусу Марин Потрилье менен күрөштү.
Мелдеш 6:0 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызы жеңишти тарттырып жиберди.
Беттештердин жыйынтыгы менен Айпери Медет өз салмагында 5-орунга жайгашты.
Буга чейин Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюанды 4:1эсебинде, чейрек финалда индиялык Худа Ритиканы 1:1 эсебинде уткан.
Бирок жарым финалда кыргыз балбаны АКШнын спортчусу Кеннеди Блейдске 6:8 эсебинде жеңилип калган болчу.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз