Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райым Матраимовдун иниси Тилек Матраимовдон 300 миң сом өндүрүлдү

Тилек Матраимовго айып 2019-жылы райондун акими болуп турганда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу тагылган

Ош облустук сотунун чечими менен Кара-Суу районунун экс-акими Тилек Матраимовдон мамлекеттин пайдасына 300 миң сомөндүрүлдү. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты.

Мындай чечим Матраимовдун күнөөсүн моюнга алуу боюнча макулдашууга колкойгонуна байланыштуу кабыл алынган.

Тилек Матраимов мурдагы бажычы Райым Матраимовдун бир тууган иниси. Ал Исламбек, Руслан аттуу бир туугандары менен Райым Матраимовдун артынан эле колго түшүрүлгөн.

Кара-Суу районунун экс-акими Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
Тилек Матраимовго айып 2019-жылы райондун акими болуп турганда Кара-Сууда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу тагылган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх