Мунарбек Сейитбек уулуна эл аралык уюм 25 миң доллар бериши мүмкүн
Мунарбек Сейитбек уулуна Париждеги ийгилигинен кийин кыргыз бийлиги 10 миллион сом жана автоунаа тапшырган
Жакында эле Париж Олимпиадасынан күмүш медаль алып келген мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна Бокс боюнча эл аралык ассоциация (IBA) экинчи орунду ээлегени үчүн 25 миң доллар төлөп бериши мүмкүн.
Акчалай сыйлык боюнча маалымат аталган уюмдун сайтына мурдараак, тагыраагы, 2024-жылдын 29-майында жарыяланган.
Дагы 25 миң доллар суммасындагы каражат каралып, спортчудан сырткары анын машыктыруучуларына (ичинде улуттук федерацияныкы да бар) бөлүп берилери айтылган.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулуна Париждеги ийгилигинен кийин кыргыз бийлиги 10 миллион сом жана автоунаа тапшырган. Андан сырткары устаттарына да акчалай сыйлык берилген.