Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 342 миң сом айып пул салынды

Эрежени сактабагандыгы үчүн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, 64 протокол түзүлгөн

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 342 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 1-июндан 19-августка чейин Муниципалдык инспекция 64 оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун аныктады.

Эрежени сактабагандыгы үчүн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, 64 протокол түзүлгөн. Айдоочуларга салынган айып пулдун суммасы 342 миң 200 сомду түздү.

Белгилей кетсек, абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда оор салмактагы унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө киргизилген чектөө 1-июндан 1-сентябрга чейин күчүндө калтырылат.

Көзөмөл Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы жана Бишкек шаардык транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх