Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БААУда Багыт алуу Программасы

Студенттерге арналган багыт алуу программасы окутууга өтүүнү жеңилдетүү максатын көздөйт

Сиз Борбор Азиянын бир да окуу жайында БААУнун багыт алуу программасындай уникалдуу иш-чараны көрө албайсыз.Ал биринчи курстун студенттери үчүн бир апталык тимбилдингдик иш-чара катары башталып, бирок биринчи курстун семинарына даярдык көрүү менен тимбилдингди камтыган эки аптага созулган программага өсүп-жетилди. Багыт алуу программасы студенттерди гуманитардык билим берүүнүн негизи болгон маанилүү интеллектуалдык, маданий жана көркөм идеялар менен тааныштырып, “БААУнун уникалдуу духу” тууралуу түшүнүк берет.

Студенттерге арналган багыт алуу программасы буга чейинки окутуу тажрыйбасынан университетте берилүүчү окутууга өтүүнү жеңилдетүү максатын көздөйт. Быйыл академиялык программа “Тынчтыктын үнү” урааны астында өтүүдө. Окутуу академиялык, социалдык жана коомдук-пайдалуу сабактар менен коштолуп, алар өз кезегинде өнүгүү, эркиндик жана БААУнун гуманитардык ЖОЖ катары баалуулугуна өбөлгө түзмөкчү.
Академиялык сессиялардын максаты өзүнө чыгармачыл жана ошол эле учурда ар кандай жанрларда интенсивдүү жазуулар жана окутуунун укмуштуудай тажрыйбасын камтыган БААУдагы сабактар аралык жана татаал окутуу процесси менен тааныштырууда жатат. Студенттер көп окушат, жазма жана башка чыгармачыл ыкмаларды пайдалануу менен тексттерди изилдеп, алардын үстүндө иштешет. Университетте билим алуунун алгачкы апталарында эмнелерди күтүүнү элестетүү кыйын экени турган сөз. Бирок биздин максат - Борбор Азияда гуманитардык ЖОЖдо интеллектуалдык окутуунун татаал жана уникалдуу маданияты жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берүү.
 Багыт алуу программасы – бул университеттик жана андан тышкаркы жашоого укмуштуудай саякатка чыгуу,ошондой эле жаңы досторду таап, унутулгус эскерүүлөргө ээ болуу үчүн мыкты жол. Пландаштырылган иш-чараларга активдүү катышуу менен биринчи курстун студенттери университетте окуу учурунда пайдасы тие турган толтура маалыматтарды алышат.

Студенттер академиялык маселелер, институционалдык саясат жана эрежелер тууралуу маалыматтарды гана албастан, ошондой эле университеттин бир бөлүгүнө айланышат, улуу жолдоштору менен таанышышат, университеттин окуудан тышкаркы иш-чаралары жөнүндө алгачкы тажрыйбаларга ээ болушат

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх