Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат

Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдоодон өтөт

Бүгүн Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, бул бөлүктө жол оңдоо иштери аяктады. Ал эми кайра Жибек Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабын жабуу пландалып жатат.

Ошондой эле Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы да унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгиленгендей, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдоодон өтөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх