Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек – Кант жолунун 12,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө пландалууда

Учурда элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек – Кант унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды

Бишкек – Кант унаа жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоодон өткөрүү муктаждыгы жаралган Бишкек – Кант унаа жолун талапка ылайык келтирүүгө министрликтин алдында атайын комиссиялык топ түзүлүп, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо жана изилдѳѳ институтуна жолдун долбоорун жана сметалык документациясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Анын жыйынтыгы менен жолдун 9-21,5-чакырым аралыгын, тагыраагы 12,5 чакырымын асфальттоо пландалууда.

"Алдыда этап-этабы менен Бишкек – Кант, андан соң Кант – Токмок жолдорун (каржы маселесинин чечилишине жараша) оңдоо иштери жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек – Кант унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх