Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык эки балбан алтын медаль жеңди

Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште Кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген.

Ал эми Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамзан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх