Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү селдин кесепеттерин жоюуга 370 адам жана 63 техника тартылды

ӨКМ 23-августка карата жалпы 314 турак жай сел калдыктарынан тазаланганын маалымдаган

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында сел каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 370 адам, 63 инженердик техника жана 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен ӨКМден:

  • 362 куткаруучу;
  • 14 инженердик техника;
  • 3 өрт очүрүүчү унаа.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан:

  • 8 адам;
  • 49 инженердик техника жеринде иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 18-августта аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. ӨКМ 23-августка карата жалпы 314 турак жай сел калдыктарынан тазаланганын маалымдаган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх