Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыска мөөнөттүү 274 бала бакчада оңдоо иштери аяктады – Билим берүү министрлиги

Кыска мөөнөттүү 560 бакчанын алгачкысы 2023-жылдын март айында ачылган

Кыргызстанда түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 274түндө оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Билим берүү жана илим министрлигинен бала бакчаларга бардык керектүү болгон жабдыктар жеткирилип берилгенин белгилешти.

Белгиленгендей, "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстан боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат.

Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имараттарды, бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт. Заманбап бакча үчүн керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздайт: килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор. Мындан сырткары бул бакчаларда иштей турган 800дөн ашык тарбиячы "Балалык" программасы боюнча окутуудан өктөрүлдү.

Эскерте кетсек, кыска мөөнөттүү 560 бакчанын алгачкысы 2023-жылдын март айында ачылган.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх