Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын авиатармагында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө

Кыргызстандын ички каттамдары боюнча учак 27-сентябрдан тарта уча баштайт

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягында Кыргызстандын авиатармагында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Атап айтсак, өлкө өз каражатына сатып алган Bombardier Dash 8 Q400 учагы ички каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Учурда Талас, Казарман, Кербен аэрапорттору толук оңдоп-түзөө иштеринен кийин сертификациялоодон өттү. Ал эми Каракол, Нарын аэропортторунда курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов билдиргендей, авиатармактагы реформалоого бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн эмес, “Манас” аэропорту өзүнүнүн кирешеси менен коюлган тапшырманы аткарууда.

Президент Садыр Жапаров авиатармакка өзгөчө көңүл буруп, кыргыз авиациясын өнүктүрүү боюнча жарлыгын чыгарган. Өлкө башчысы аймактарга аба каттамдарды ачуу менен жол кырсыктарынын санын азайтып, билеттердин баасын төмөндөтүүгө болорун айтып келет. Ошол эле маалда туризмдин өнүгүшүнө дагы салым кошорун белгилеген.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2023-жылы 783 адам жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички каттамдары боюнча учак 27-сентябрдан тарта уча баштайт. Учурда Asman Airlines авикомпаниясынын тиркемесинде билет баалары Бишкектен Таласка - 2100 сом, шкектен Раззаков шаарына - 3300 сомдон сатылууда. Буга чейин аталган аймактарга жалгыз “Tez Jet” компаниясынын гана учактары каттап турган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх