Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров президенттик "Эл үмүтү" стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

“Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиантка ыйгарылса, 2024-жылы 27 адам стипендиант болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2025-окуу жылы үчүн президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров стипендианттарды президенттик стипендияга ээ болушу менен куттуктап, бул алардын талыкпаган эмгеги үчүн берилген татыктуу сыйлык гана эмес, ишенимдин жана жоопкерчиликтин белгиси экенине токтолду.

Ал ошондой эле КР президентинин демилгеси менен түзүлгөн стипендия дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алууга, алдыңкы изилдөөлөргө жана долбоорлорго катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берээрин кошумчалады.

“Сиздер улутубуздун өнүгүүсүн аныктай турган келечектеги лидер жана кесипкөй адиссиздер. Мекениңизге жаңы билим, идея жана тажрыйба менен кайтып, алган билимиңиздер менен өлкөбүздү чыңдап, өнүктүрүшүңүздөрдү күтөбүз. Окууларыңыздарга, илимий ачылыштарга жана алдыга койгон максаттарыңыздарга жетишиңиздерге тилектешмин”, – деген Акылбек Жапаров “Эл үмүтү” стипендиясы өзгөчө мааниге ээ экенин, жаштарга чет өлкөдөн билим жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзөрүн, кийин ал Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн колдонуларын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президенттик стипендияны тапшыруу аземи болду.

“Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиантка ыйгарылса, 2023-жылы 11 адам алган, 2024-жылы 149 талапкердин ичинен 27 адам стипендиант болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх