Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда 3 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлдү – Мамкурулуш

Билим берүү мекемелери окуу жылынын башталышына карата окуучуларга жана бөбөктөргө эшигин ачууга даяр

Ош облусунун аймагында 2 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Ноокат районунун Караке айылындагы 150 орундуу Б.Абдиев атындагы мектеп;
  • Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп;
  • Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча.

Белгиленгендей, аталган билим берүү мекемелери окуу жылынын башталышына карата окуучуларга жана бөбөктөргө эшигин ачууга даяр.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх