Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Ала-Тоо аянтынын аймагы көрктөндүрүлүүдө

Учурда жашылдандыруучулар проспектини бойлой жашыл зонаны реконструкциялоону аяктоого жакындап калды

Жакында борбор калаадагы Ала-Тоо борбордук аянтын реконструкциялоо аяктайт.

Мэриядан билдиришкендей, анда флагшток жана фонтандар менен кошо жашыл аянт дагы жаңыланат.

Алсак, "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери авариялык жана куураган көчөттөрдү алып, буташты. Анын ордуна Орозбеков көчөсүнүн Пушкин көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыгына жабык тамыр системасы менен 12 даана жаш көчөт отургузулду.

Жаңы аянттын айланасы ар кандай оймо-чиймелер менен кооздолуп, тагетеса, сальвия, целозия жана агератум сыяктуу бир жылдык гүлдөр тигилди. Жалпысынан бадал өсүмдүктөрү бар 13 гүл өстүрүүчү карапа коюлду.

Белгиленгендей, учурда жашылдандыруучулар проспектини бойлой жашыл зонаны реконструкциялоону аяктоого жакындап калды. Алар топуракты төмөндөтүү жана газондорду себүү, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки узундугу 550 погондук метр жаңы ирригациялык лотокторду орнотуу, авариялык жана куурап калган өсүмдүктөрдү алуу сыяктуу иштерди аткарып жатышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх