Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусундагы жол оңдоо иштеринен кабар алды

Андан соң министрдин милдетин аткаруучу көпүрөлөрдүн курулуштарынан кабар алды

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев күн мурун Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барган.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал алгач "Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 4-5-чакырым аралыгындагы темир жол менен унаа жолдун кесилишинде салынып жаткан өтмөктүн курулушун көрдү. Учурда монтаждоо иштери соңуна чыгып, жер жумуштары жүрүүдө.

Андан соң министрдин милдетин аткаруучу көпүрөлөрдүн курулуштарынан кабар алды. Азыркы тапта Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 17-чакырымында көпүрө салуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, аталган жолдун 28-чакырымына 18 метр көпүрө салуу пландалууда. Ошондой эле Төрт-Күл айыл аймагына караштуу көпүрө да оңдоодон өтөт.

Абсаттар Сыргабаевге аталган жолдун 0-25-чакырымындын 23 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлүп, экинчи катмардын 10 чакырымы бүткөнү тууралуу маалымат берилди. Ал эми 25-71-чакырым аралыгынын 13 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөнү айтылды. Ошондой эле 96дан 126-чакырымга чейинки аралыгынын алдыңкы катмарына 10 чакырым асфальт-бетон төшөлгөнү белгилүү болду.

Министрдин милдетин аткаруучу жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, жол иштерине байланыштуу эскертүү берүү менен жумушту тездетүүнү тапшырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх